Телеканалдардын эфирдик жасалгаларын жана заставкаларын (шапкаларын) иштеп чыгуу;
Видеороликтерди, презентацияларды жана заставкаларды түзүү;
Монтаждоо жана анимациялоо иштерин жүргүзүү;
Баштапкы материалдарды карап чыгуу, керектүү дублдарды тандоо, кемчиликтерди аныктоо жана аларды четтетүү;
Видеоөндүрүш, анимация, түстү коррекциялоо жана дизайн жаатында терең билимге ээ болуу.
Видеодизайнер-аниматор төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп бериши керек:
- Дизайн же программалоо тармагында жогорку кесиптик билим жана дизайн тармагында 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
- Же болбосо орто кесиптик дизайн билими жана 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы (жасаган анимациялык иштеринин портфолиосун көрсөтүү менен).
- Adobe Photoshop, Adobe Illustrator, Adobe After Effects, Adobe Premiere, EDIUS жана 3D программаларында кесипкөй деңгээлде иштөө;