Жалал-Абад электр тармактары ишканасы дебитордук карыздын көлөмүн азайтуу аракетин көрүүдө. Инспекторлордун айласын кетирген адамдар азыр көп жылдык карызын төлөбөгөн абоненттер болууда.
Сузак районунда электр жарыгына карызы 90 миң сомдон ашкан абоненттер бар.
Аларды рейд учурунда жарыктан ажыраткандары менен кайра эле өзүм билемдик менен туташып алышат. Мындан улам бул абоненттерге рейд жүргүзүлдү.
Ал эми райондо 29 миң абонент болсо, бир жарым миңден ашууну электр энергиясына 5 миң сомдон кем эмес карызы барлар. Ушул тапта Жалал-Абад облусу боюнча калктын дебитордук карызы 107 миллион сомдон ашты.