Сот реформасын кантип ийгиликтүү ишке ашырса болот?
Новость

Кыргызстанда сот реформасын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн тиешелүү мыйзамдарды иретке келтирип, көпчүлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү керек. Мындай пикир Бишкекте юрист, саясат таануучулардын башын бириктирген тегерек столдо айтылды. Жыйындын жүрүшүндө  эксперттер сот реформасын тез-тезден талкуулап туруу керектигин белгилешти. 

Эске салсак, буга чейин  сот реформасынын алкагында  кылмыштардын, жазалардын бардык түрлөрүн жөнгө салып жаткан кодекстер, мыйзамдар жаңыланып, Жогорку Кеңеште  кабыл алынган. Андан соң аларга өлкө башчы  Алмазбек Атамбаев  тарабынан  кол коюлган болчу.

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"