Өлкөдө жыл башынан бери, тагыраагы эки айда эле 76 өзгөчө кырдаал катталды. Мында 72 жаратылыш кырсыктары. Мына ушул кырсыктардын кесепетинен 50 адам каза болуп, экономикага 219 миллион сомдук зыян келди. Кырсыктардын басымдуусу кардын нормадан 3 эсеге ашыкча жааганы себеп болду. Эми алдыда жаздын келиши менен аларды алдын алуу милдети турат.
Кардын калың жаашынан өзгөчө Алайкуу, Чоң-Алай, Чаткал райондору жабыркады. Жыл башынан бери кар көчкүдөн 6 адам каза болду. Жалпысынан эки айда эле кырсыктардан 50 адам каза болгону айтылууда. Эми күндүн жылышы менен Жалал-Абад облусунда жер көчкү түшүү коркунучу бар. Кырсыктан сактануу үчүн калк арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.
Күндүн жылышы менен тоо башындагы суулар менен көлдөрдө суу ташып, төмөн жакта жайгашкан шаар, айылдарга коркунуч келтирет. Андай көлдөрдүн саны Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарында эки миңден ашат. Адистер суунун ташып кетпеши учун байкоо иштерин тик учмадан жүргүзүшөт.
Былтыр октябрда катуу жааган жаандан улам суу ташып, жээкти суу жеп кеткен. Өкмөт тез арада оңдоо чечимин кабыл алып, жумуш 22-февралда башталды, марттын аягында оңдоо иштери бүтөөрү пландалууда. Мында 130 метр узундуктагы жээкти жана көпүрөнүн түбүн бекемдөө иштери жүрүп жатат. Адистер алгач, жээкти казып, ичине шагыл төгүп, анын үстүнө эки катар таш коюшууда. Бекемдөө иштерине ондой техника тартылган.
Ушундай эле бекемдөө иштери Кең-Булуң көпүрөсүнүн айланасында дагы жүрүп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, жакынкы күндөрү дагы беш объектиде иш башталып, бардык жумуштар жай мезгилине чейин аяктайт.