Новость

Быйыл жайкы эс алуу маалына өлкөгө туристтердин агымы мурдагыдан көбүрөөк келиши күтүлүүдө. Эс алуучуларды татыктуу тосуп алып, ыңгайлуу шарт түзүүгө тиешелүү мекемелер эртелеп камылгаларды көрө баштады. Ириде жайкы туристтик маалга өлкө аймагы боюнча жолдун бойлорунда кемпингдер пайда болот. Башкача айтканда туристтерге зарыл болгон баардык кызматтарды сунуштаган борборлор курулат. 

Кыргызстандын босогосун аттаганда эле туристтер аэропортко туш болот. Мындан улам эс алуучулардын жайлуулугун камсыздоо үчүн аба бекеттеги тейлөө кызматтары жакшырат. Андан кийин жолдор оңдолот. Көптөн бери баш ооруга айланган ажаткана көйгөйү да чечилет. Бул маселени жолго салуу үчүн өкмөт башчынын тапшырмасы менен жол бойлоруна кемпингдер курулганы турат. Мындай борборлордун беши Ысык-Көл аймагына салынат.

Жайкы маалда туристтердин көбү Ысык-Көлгө келет. Мындан улам көл жээгиндеги экологиялык коопсуздук маселеси да олуттуу. Быйыл экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын өкүлдөрү бул багыттагы чараларды күчөткөнү турат. Жакынкы күндөрү жергиликтүү бийлик менен бирге эс алуу жайларын кыдыруу жүрөт. Былтыр болсо саркынды сууларды тазалоочу курулмалары талапка жооп бербеген 12 эс алуу жайынын ишмердүүлүгү токтотулган.

Коомдук коопсуздук көзөмөлдө болот. Жайкы эс алуу маалына борбордон да тартип сакчылары тартылып, күнү-түнү нөөмөт менен иштейт. Быйыл жайкы туристтик маал 7-майда ачылганы турат. Бул иш чара эл аралык туристтик жарманке менен коштолот. Бүгүнкү күндө жүздөн ашык эс алуу жайы, конок үйлөрү жана башка туристтик мекемелер эс алуучуларды кабыл алууга даяр экенин билдирген. Ага чейин көл жээгинде ишембиликтер өткөрүлөт.

Соңку жылдары туризмге көңүл бурулуп, жылдан жылга эс алуучулардын саны арбып жатат. Былтыр 4 млнго жакын турист келген. Алардын көбү Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын көрүүгө келгендер. Туризм тармагына тартылган инвестициянын көлөмү да арбып жатат. Буга борбордо да эс алуу жайларынын, ресторандардын курулушу далил. Туристтер үчүн баардык шарт көрүлсө жайкы эс алуу маалында өлкөгө туристтердин агымы мурдагыдан да көбүрөөк келиши күтүлүүдө.