Түп районунда жаңы фитосанитардык лаборатория ишке берилди
Новость

POST1RIGHT

Ысык-Көл облусунун Түп районунда жаңы фитосанитардык лаборатория ишке берилди. Бул өз кезегинде ЕАЭБ жана 3-мамлекеттерге айыл чарба азыктарын экспорттоонун көлөмүн арттырууга түрткү берет. 

Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораториянын ачылышына Ысык-Көл облусунда жумуш сапары менен жүргөн өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков катышты. 

Ошол эле учурда өкмөт башчысынын катышуусунда Өрнөк айылында орто мектеп ачылып, премьер-министр Балыкчы - Тамчы - Чолпон-Ата - Корумду жолун салу иштери менен да таанышты.