Ала-Бука району: таза сууга зар болгондор
Новость KTRK/videograp

26 жылдан бери таза сууга жетпеген Ала-Бука районунун Жаңы-Шаар айылынын жашоочулары, мал жандыктар менен кошо бир каналдын суусун ичип келишет. 

POST1RIGHT

Мунун кесепетинен айылда сарык оорусу менен ооруган жаш балдардын саны көп катталууда. Жаңы-Шаарлыктар болсо суу адисинин убадасын илгери үмүт менен күтүшөт. 


Анткени күн жылып, саратан келгенде таза суунун жетишпестигинен улам жаш балдар арасында ич өткөк оорусу күчөйт. Мындан жергиликтүү тургундардын көбү жалкып бүткөн. Таза суунун көйгөйү тууралуу кененирээк Осмон Уламсадыровдун сюжетинде: