Кант шаарындагы жаратылышты коргоого салым кошкон таштандыларды жок кылуучу ишкана мамлекеттик лицензияга ээ болду. Ишкана абага зыян алып келүүчү ар кандай жарактан чыгып калган буюм же кийим кечелер болобу аларды заманбап жабдыктын жардамы менен биротоло жок кыла алат. Таштандыларды жок кылуучу ишкана бул деңгээлге жетүү үчүн көп аракетти жумшады. Андыктан үзүрлүү эмгектеринин акыбети кайтып, ишмердүүлүгүн улантуу үчүн лицензияга ээ болушту.
Күркүрөп иштеп жаткан бул жабдыкты орусиялык ишканалар пайдаланып көрүшүп, практикалык жактан жакшы жетишкендиктерди берген.Таң калыштуусу ишканадагы жабдыкка салынган таштанды кайда кеткени белгисиз болуп, жок болуп калат да, аз өлчөмдө дагы калдык калтырбайт.Дагы бир өзгөчөлүгү зыяндуу жыт да бөлүп чыгарбайт.
Жаратылышка аяр мамиле жасоо ар бир жарандын милдети. Андыктан өлкөдө таштандыларды жок кылуучу ишканаларды ачуу эчактан бери эле каралып келе жаткан маселе. Ал эми учурда миңдеген тоннадан ашык таштандылар жөн гана жерде төгүлүп келет. Бул Кыргызстанда жападан жалгыз таштандыларды жок кылуучу ишкана. Ошондуктан мындай багытты колго алып, өнүктүрүү иштери каралып жаткан кези.