Сокулук районунун тургуну аялын 3 баласын сатты деп айыптап жатат. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады. Адам сатуу беренеси менен иш козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Асыл-Баш айылынын тургуну Сокулук райондук ички иштер башкармалыгына аялы 2014-жылы тестиер баласы менен кызын 80 миң сомго, ал эми 2015-жылы жаңы төрөлгөн кызын 2 миң сомго баалап, төрөт үйүнүн дарыгерлерине бергенин билдирген. Учурда иликтөө иштери жүруп жатат.