Бүгүн КТРКнын “Маданият-Тарых-Тил” телеканалы ачылат
Новость KTRK

Бүгүн, 1-мартта саат 13:00дө Кыргыз Республикасынын санариптик социалдык пакетиндеги КТРКнын “Маданият-Тарых-Тил” жаңы телеканалынын расмий ишке кирүүсү жана салтанаттуу ачылышы күтүлүүдө.

Жаңыдан ачылган “Маданият-Тарых-Тил”  телеканалы буга чейинки Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын “Маданият” каналынын базасында түзүлөт.



Маалымат үчүн: “Маданият” телеканалы 2013-жылдын  22-апрелинде ишке кирип, өлкө аймагындагы калктын жана кыргыз элинин көөнөрбөс  маданий мурастардын бийик үлгүлөрүн чагылдырууга арналган. Бирок аталган канал  тесттик режимде, эч кандай каржылоосуз, студиясы, аппаратурасы жана башка теле жабдуулары  жок ишин жүргүзүп келген.

Ал эми “Маданият-Тарых-Тил” жаңы телканалынын концепциясы  КР Президентинин 2014-жылдын 13-декабрындагы Жарлыгынын алкагында иштелип чыкты.

“Маданият-Тарых-Тил” телеканалы HD форматында эфирге жайгаштыра турган аппараттык студия, заманбап санариптик техникалар менен камсыздалды. Мындай аракеттер, Санариптик телеканалдардын арасынан маанилүү статусту бере алат.  

Телеканалдын алгачкы толук кандуу телеберүүлөрүн бүгүн саат 13.00дөн тартып түз эфирде Коомдук биринчи каналдан жана «Маданият-Тарых-Тил» телеканалынан көрө аласыздар.

Телеканалдын салтанаттуу ачылышына  премьер-министр  Т.Сариев, Маданият, маалымат жана туризм министри А.Максутов жана КТРКнын Байкоочулар Кеңешинин  катышуусунда өтөт.