Бүгүн КТРКда “Маданият-Тарых-Тил” телеканалы ачылды. Аталган телеканал кыргыз элинин тарыхый-маданий мурасын жана кыргыз тилин кеңири таанытууга багытталган.
Ошондой эле каналдан Кыргызстанда жашаган башка элдердин дагы улуттук баалуулуктары, тарыхы менен маданияты да чагылдырылат. Аны санариптик берүүдөн көрүүгө болот.
Эскерте кетсек, КТРКда буга чейин “Маданият” каналы тестик режимде иштеп келген. Эми бул каналдын өзүнүн материалдык-техникалык базасы, студиясы түзүлдү.
Мурдагы каналдан айырмасы: маданияттан тышкары, тарых жана тилге басым жасалат. Иш-чарада президенттик аппараттын этностук, диний саясат бөлүмүнүн башчысы Мира Карыбаева президенттин куттуктоосун окуду.