Президент болгусу келгендердин саны 52ге жетти
Новость www

POST1RIGHT

Ушул жылдын 15-октябрында өтүүчү президенттик шайлоого талапкерлиги көрсөтүлгөндөрдүн саны 52ге жетти. Элүү экинчи болуп, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын мурдагы орун басары Марат Иманкулов Борбордук шайлоо комиссиясына арызын тапшырды. Ал шайлоого өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен катышат.

Бүгүн Кыргыз Республикасынын президентинин кызматына талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестирлөө уланат.

Борбордук шайлоо комиссиясы календарлык иш-планга ылайык уюштуруу иштерин жүргүзүүдө. 

Бозулан Ысаков, "Биринчи радио"