POST1RIGHTПремьер-министр Сапар Исаков жол коопсуздугун текшерүүгө алды. Өкмөт башчысы Ички иштер министри Улан Исраилов менен бирге мектептерге жакын жерлерде иш алып барып жаткан патрулдук милициянын кызматкерлеринин ишмердүүлүгү менен таанышты.
Жаңы окуу жылынын башталышы менен жол коопсуздугун камсыз кылган адистер бекитилген графикке ылайык мектептерде мөөнөттө турушат. Мындан сырткары, премьер-министр мектеп директорлору менен жолугуп, окуучулардын окуу куралдары жана интернет байланышы менен камсыз болушу өңдүү бир катар маселелерди талкуулады.