Sputnik КМШ өлкөлөрүндөгү жаш журналисттер үчүн кезектеги окуусун баштады
Новость

POST1RIGHTSputnik эл аралык маалымат агенттиги жана радиосунун жаш журналисттер үчүн кезектеги окуусу башталып, ал 7-сентябрга чейин уланат. Мектептин сентябрдык сессиясы КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн ошондой эле Грузия мамлекетинин жаш журналисттерине багытталган.

Катышуучулардын арасында 20дан ашык маалымдаа каражаттарынын өкүлдөрү, анын ичинде APA (Азербайжан), Казинформ (Казакстан), Медиамакс (Армения), Озодагон (Тажикстан), Uzbekistan Today (Өзбекстан), Кыргызстандын коомдук телерадиокорпорациясы (КТРК), ЭлТР, "Кабар" агенттиги, Белтелерадиокомпаниясы (Белоруссия), Армениянын коомдук телекомпаниясы жана башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү бар.

Билим алуу жаатындагы долбоордун катышуучулары заманбап мультимедиалык маалымат агенттигинин жумушу менен таанышып, онлайн массалык маалымат каражаттары үчүн жаңылык жаратуудагы өзгөчөлүктөрдү жана материалдарды жайылтуудагы SMM спецификасын да үйрөнө алышат. Ошондой эле окуунун жүрүшүндө практикалык иштерге да басым жасалып, мастер-класстарда жаш журналисттер тажрыйбалуу серепчилердин жетеги менен ар түрдүү тапшырмаларды аткарууну үйрөнө алышат.

"Биринчи кезекте бул мектеп коңшу өлкөлөрдөн чогулган журналисттерге профессионалдык диалог түзүүдө жакшы аянтча болот. Биздин агенттиктин жумушу тууралуу айтып берүү бир гана кызыктуу жана пайдалуу болбостон, алар кесиптештеринин кандай иштеп жатканын да көрө алышат", — деди Sputnik эл аралык маалымат агенттиги жана радиосунун башкы редакторунун орун басары Андрей Благодыренко.

Sputnik жаш журналисттер мектеби Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин иштери боюнча "Жаңы муун" федералдык агенттиги жана эл аралык гуманитардык кызматташтыгынын программасынын алкагында ишке ашырылууда. 2015-жылдан бери 100дөн ашуун ар кайсы өлкөдөн келген жаш журналисттер медиа чөйрөсүндө эл аралык тажрыйба алмашуу боюнча уникалдык долбоордун катышуучулары болушту.