“Центерра” Кыргызстандын экологиялык талаптарын аткарууга даяр
Новость www

POST1RIGHT

Өкмөт менен “Центерра” компаниясынын ортосунда жетишилген макулдашууга ылайык “Центерра” экологиялык маселелерди чечүүгө 50 миллион доллар которот. Муну менен катар жылына төлөнүүчү экологиялык төгүмдүн суммасы 310 миң доллардан 3 миллионго долларга чейин көбөйтүлдү. Өкмөт “Центерра” компаниясы менен чоң маселелерден мурда экологиялык көйгөй боюнча орток пикир тапты. Мындайча айтканда тараптар экология боюнча соттук териштирүүлөргө чекит коюп, кызматташтыкты мындан ары улантууга даяр.

Соңку жетишилген макулдашуунун алкагында “Центерра” компаниясы жаңыдан түзүлгөн жаратылышты өнүктүрүү фондуна жана айлана чөйрөнү коргоо багытындагы иш чараларды өткөрүүгө 50 миллион доллар котормой болууда. “Центерра” менен сүйлөшүүлөр оңой-олтоң болбогонун айткан талдоочулар да өкмөт жетишкен макулдашуу эки жака тең ыңгайлуу болду деп эсептейт. Бул ири суммадагы каражаттардын жардамы менен экология маселелерин жөнгө салууга мүмкүн. 50 миллион доллардын 40 миллиону Ысык-Көлдүн жээгинде заманбап суу тазалоочу түтүктөрдү курууга сарпталат. Ал эми 10 миллион доллар онкологиялык борборду техникалык модернизациядан өткөрүүгө жумшалат. Муну менен катар 2009-жылы бекитилген келишимге ылайык жылыга төлөнүүчү экологиялык төгүмдүн суммасы 310 миң доллардан 3 миллион долларга чейин көбөйтүлдү. Ал эми “Кумтөр Голд Компани” мурда өкмөт тарабынан көз карандысыз эл аралык консультант катары тартылган «AMEC» компаниясы тарабынан коюлган бардык көрсөтмөлөрдү аткарат. Ишкер чөйрөсү да өкмөт менен “Центерранын” орток пикирге келгенин колдоого алууда. Айтымында өлкөдөгү инвестициялык климат жакшырды. Эми болочок инвесторлорду тартууда тоскоолдук болбойт жана Кыргызстанга болгон инвестициялык кызыгуу артат.

Өкмөт башчы “Центерра” компаниясы менен жетишилген макулдашуу боюнча геологдор жана кен тармагындагы иштерди жакшыртуу багытында аксакал адистер менен сүйлөштү. Анда өкмөт башчы соңку макулдашууга ылайык экологиялык маселелерди чечүү боюнча эки тараптын макулдашуусу жана калыбына келтирүү фондун Улуу Британиядан Кыргызстанга көчүрүү маселеси да сүйлөшүлгөнүн билдирди. Сапар Исаковдун айтымында келечекте калыбына келтирүү фондундагы каражаттар Кыргызстандын экономикасына жумшалгыдай кылуу керек. Учурда бул фонддо 234 млн доллар бар.