POST1RIGHTКоопсуздук кеңешинин кезектеги отурумунда алдыдагы президенттик шайлоого карата даярдык - шайлоочулардын тизмесин тактоо, коопсуздукту камсыздоо, бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүү маселеси каралууда.
Алгач шайлоо өнөктүгүнүн алдында жүрүп жаткан жумуштар тууралуу вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев жана Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова баяндама жасашты. Жыйынга президент Алмазбек Атамбаев дагы катышууда. Вице-премьер Зилалиев билдиргендей, добуш берүү күнү электр энергиясын үзгүлтүксүз берүү, финансы маселелери, байланыш, өрт коопсуздугу негизги маселе болууда.
Бул багытта өкмөт жергиликтүү бийлик органдары жана мекеме жетекчилери менен көчмө кеңешмелерди өткөрүүдө. БШКнын маалыматына караганда, ушул күнгө карата 2 миллион 935 миң жаран шайлоо тизмесине кирип, шайлоого он күн калганда тизме толук такталып жарыяланмакчы. Ошондой эле, шайлоо күнү добуш берүүчү жабдыктардын толук кандуу иштешине кам көрүлүп, жер-жерлерде операторлорду окутуу иштери башталды.



