Токтогул: Көтөрмө айылындагы жаңы салынган мектеп жакында пайдаланууга берилет
Новость

POST1RIGHTТоктогул районунун Көтөрмө айылындагы жаңы салынган 270 орундуу мектеп жакында пайдаланууга берилет. Райондогу бул №18 Кубат Чокоев атындагы орто мектепти учурда актап- сырдоо жана жаңы алынып келинген эмеректерди жайгаштыруу иштери жүрүүдө. 

Жаңы эки кабаттуу мектептин курулушу 2015-жылы башталган. Анын курулушу республикалык бюджеттен каржыланууда. 

Ал эми эски мектеп эбак эле авариялык абалга келип, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2009-жылы окууга болбойт деген чечимин чыгарган. 

Ушул күнгө чейин окуучулардын жарымы эски мектептин бир бөлүгүндө, калганы айылдагы маданият үйүндө окуп келишкен.