Бишкекте 9-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын Эл артисти, залкар комузчу, күүчү, ырчы, аткаруучу Нурак Абдырахмановдун 70 жылдыгына арналган комузчулардын республикалык сынагы өтөт.
сынакка залкар комузчунун күүлөрүн жогорку деңгээлде черте билген 35 жашка чейинки комузчулар катышышат. Конкурс 9-ноябрь күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын кичи залында өткөрүлмөкчү.