Бычакталып каза болгон милиция кызматкеринин өлүмүнө шектүү адам кармалды
Новость www

 POST1RIGHTБишкекте бычакталып каза болгон Биринчи Май райондук милиция бөлүмүнүн кызматкери Уларбек Майрамбековдун өлүмүнө шектүү адам кармалды. 

Бул тууралуу борбор калаанын милиция башкармалыгынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, учурда тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат. 25 жаштагы ага лейтенант Майрамбеков Криминалдык милиция кызматында эмгектенчү. 

Ал 26-октябрда белгисиз жагдайда көчөдө бычакталып каза болгон. Окуя боюнча Кылмыш кодексинин киши өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголуп, экспертиза дайындалган.