Борбордун айрым аймактарында убактылуу газ өчүрүлөт
Новость www.

POST1RIGHT

Бишкек шаарынын айрым аймактарында оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жатканына байланыштуу төрт күнгө газ өчүрүлөт. 


Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 30-октябрдан 3-ноябрга чейин Ибраимов, Москва, Калык Акиев көчөлөрү менен Чүй проспектисинин чектешкен аймагында жана Жибек Жолу проспектиси менен Сүйүмбаев, Түгөлбай Ата, Шопоков көчөлөрүнүн кесилишкен жеринде көгүлтүр от болбойт.


Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.