Нью-Йорктогу теракттан 8 адам унаа алдында калып, каза болду
Новость REUTERS

Кечээ, Манхэттенде террорчу  жүк ташуучу унаа менен, бир нече кишини тебелеп кеткен. Чет элдик басылмалардын маалыматы боюнча, жүк ташуучу унаа велосипед тебүүчүлөрдүн атайын жолуна качырып кирип барып, бир нече кишини тебелеп өтүп, кийин мектеп автобусуна келип кагылган. POST1RIGHT

Мунун кесепетинен алты киши ошол эле жерден өлүп, эки киши алган жаракатынан ооруканада көз жумду. Мындан сырткары ондон ашык адам жаракат алганы айтылууда. 

Полиция унаа менен жөө жүргүнчүлөрдү качырып айдаган айдоочуну ичке атып, колго түшүрдү. Колго түшкөн киши 29 жашта. Ал бир нече жыл мурун Өзбекстандан АКШга келгени жана буга чейин Флорида менен Нью-Жерси штаттарында жашаганы айтылууда.