POST1RIGHT
Укук коргоо органдарын, анын ичинде Ички иштер министрлигин реформалоо 2015-жылы башталды. Анын алкагында, тартип сакчыларынын социалдык маселелерин чечүү жана катталган кылмышка ыкчам аракет көрүү, кылмышкерди тезинен табуу боюнча конкреттүү иштер жасалууда.
Ички иштер министрлигин реформалоодо 2015-жылы алгачкы кадамдар ташталган. 2016-жылы укук коргоо органдарын реформалоо боюнча президенттин жарлыгы чыккан. Анын алкагында тармакка тиешелүү мыйзамдарга, укуктук актыларга өзгөртүү киргизилүүдө. Ошол эле маалда милициянын социалдык абалын жакшыртууга чоң аракеттер жүрүп жатат. Биринчи эле кезекте тартип сакчыларын турак-жай менен камсыз кылуу иши массалык түрдө башталды.
Быйыл август айында президенттин тапшырмасы жана өкмөттүн токтому менен укук коргоо органдарын реформалоонун жүрүшүндө бирин бири кайталаган кызматтар жоюлуп, ыкчам тез аракет көрүүчү кызматтар түзүлдү.
Реформага ылайык, криминалдык кызматка кылмышты каттоодон баштап, анын бетин ачууга чейинки бардык бөлүмдөр бирикти.
"Таза коом" программасынын алкагында "Акылдуу шаар" жана "акылдуу көчө" долбоорлору ишке ашканы турат. Мында ар бир үй-жайдын алдында болуп жаткан окуялар алаканга салгандай көрүнүп турат. Долбоор иштеп баштаганда ар бир деталь камерага тартылып, кылмыштуулуктун бетин ачуу, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу бир кыйла жеңилдейт.