Ак үйдүн алдында активисттер тынчтык митингин өткөрүштү
Новость sputnik.kg

POST1RIGHT

"Мөңгүдөн колуңарды тарткыла!", "Мөңгүнү сактайбыз!"- Ак үй алдына келгендер мына ушундай ураандарды айтып жатышты. Алар мөңгүлөрдүн эришине жол берилбеши керек деп эсептейт жана жаратылыш талкаланат деп тынчсызданууда.


Бул маселе парламенттин тармактык комитети өкмөттүн “Суу кодексине” өзгөртүү киргизүү демилгесин колдогондон тартып башталды. Бул мыйзам долбоору 2015-жылы көтөрүлүп, ал учурдагы депутаттардын каршылыгына кабылган учурда кайра артка чакыртып алган.


Өкмөт мүчөлөрүнүн айтымында, мыйзам “Кумтөр” кениндеги эки мөңгүнүн тили, тактап айтканда жээгин көчүрүп, алдындагы кендин корун иштетүүгө багытталган. Бирок экологдор мыйзам башка дагы мөңгү алдындагы кендерди казып алууга жол ачат деп чочулоодо. 



Өлкөдө муз алдында 20га чукул кен чыга турган жай бар экени такталган. Эгер мыйзамга эки мөңгүнүн жээгин көчүрүү камтылса, анда ал так белгилениши керек дейт адистер.