POST1RIGHT
Кыргыз Википедиясында макалалардын саны 80 миңден ашты.
10-ноябрда Бишкекте Кыргыз википедиясынын өнүгүшү, жаралып жаткан ийгиликтер тууралуу кеңири маалымат берилди. Анда жаңыдан ишке кирип жаткан "WikiTranslate-2017" долбоору тууралуу да айтылды.
Бул веб-сайтка алгачкы кыргыз тилиндеги маалымат 2011-жылы жайгаштырылган. Анын окурмандарынын саны азыркы күндө ай сайын бир жарым миллионду чамалайт.
Жыл башында Википедияда кыргыз тилиндеги макалалардын саны 60 миңдей болсо, жыл аягына чейин Сорос Кыргызстан фондунун каржылык колдоосу аркасында дагы 20 миң макала менен толукталды деп билдирди кыргызстандык википедиячы, “Биздин мурас” коомдук фондунун директору Чоробек Сааданбеков.