Таласта быйыл көмүр тартыштыгы болбойт
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT

Таласта быйыл көмүрдөн тартыштык болушу мүмкүн эмес. Себеби, облуска жергиликтүү кара алтындан күнүнө 100 тоннага чейин алынып келинүүдө. Ошондой эле, аймактагы ишкерлер келишимдин негизинде коңшу мамлекеттерден керектүү көмүрдүн сортторун алып келишүүдө.

Бул жер Кара-Буура районундагы Маймак станциясынын көмүр базасы. Мында бүгүн эле ишкерлер 200 тоннага жакын “Экибастуз”көмүрүн алып келишти. Аны каалочулар 4100 сомдон сатып алышууда.

Кезек күтүп тургандардын 1-2 пайызы эле бул кара алтындан өз керектөөсү үчүн алып кетпесе, дээрлик көпчүлугү кайра сатуучулар. Алар камера сыртынан көмүр мурдагыдай өлчөмдө келбей жатканын айтып нааразы болушууда. Бирок, жергиликтуу жетекчилер көмүр жетиштүү санда экенине ишендиришет.

Адистердин айтмында, ушул күндөрү көмүр жетишпей жатат дегендер, кыргыз-казак чегарасындагы абалды жүйө келтиргени туура эмес. Ушундай кырдаалдан пайдаланып кызыл кулактар бааны эпсиз өстүрүүгө аракет кылышы мүмкүн, бирок, алардын арасында түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Быйыл көмүр тартыштыгына же баанын өсушу болот деп кооптонууга негиз жок. Себеби, көмур жетиштуу, ал эми жергиликтуу мамлекеттик мекемелер сентябрь айында эле көмур менен толук камсыз болушкан. Мисалы,Талас шаарындагы 3-мектептин кампасы отундун бул түрү менен жетиштүү камсыз болгон.

Талас облусу бир жылда 55 миң тоннага жакын көмур керектейт. Кара алтын саткан 46 кампа үзгүлтүксүз иштеп жатат. Анда Кыргызстандын өзүнүн жергиликтүү көмүрлөрү жана коншу мамлекеттен ишкерлери келишим негизинде алып келип жаткан көмүрлөр сатылууда.