POST1RIGHT
Бүгүн өкмөт жарандык коом менен Кумтөргө барат. Мындай чечим буга чейин айрым жарандык активисттердин “Суу кодексине” киргизилген өзгөртүүлөр кен казылган аймактарда жайгашкан мөңгүлөрдүн эрип кетишине шарт түзүп берүүдө деген нааразычылык акцияларынан кийин кабыл алынган. Октябрь айынын соңунда өкмөт аталган кодекске өзгөртүү жана толуктоолорду киргизип, ал Жогорку Кеңештин комитет жыйынында жактырылып, 3-окууга жиберилген.
Белгилей кетсек, буга байланыштуу бир катар жарандык коомдун өкүлдөрү нааразылык билдиришкенден кийин өкмөттөн өкүлдөр, адистер, эксперттер жана жарандык коомдун өкүлдөрү тегерек столго чогулушкан болчу.
Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"