Кыргыз делегациясы Кот-Дивуардан сыйлык менен кайтышты
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT

7-9 ноябрь күндөрү Кот-Дивуар өлкөсүнүн Абиджан шаарында азык-түлүк коопсуздугуна арналган конференция өттү. 

Иш-чарада дүйнөнүн 60 өлкөсү, өз аймагындагы калкты азыктандыруу программасы менен тааныштырган. 

Биздин өлкөдөн барган делегация бул жаатта мыкты жетишкендиктери үчүн “Нутришн Чемпион Авард - 2017” сыйлыгына татыган. Бул болсо өлкөдө таза азык колдонулганынан кабар берет. 

Ошентсе да бардыгы баракта жазылгандай эмес. Химиялык кошулмасы бар азыктарды билим берүү мекемелеринде сатууга тыюу салынганына карабай айрым мектептерде дагы эле сатылып келет. 

Саламаттыкты сактоо министрлиги мектеп айланасында химиялык кошулмасы бар азыктарды сатканга тыюу салган. Себеби аталган азыктар аз кандуулук, бою менен акылы өспөй калган сыяктуу ооруларга себеп. Адистердин айтымында аталган илдетке кабылган мектеп окуучуларынын саны көбөйгөн.

Айрым ата-энелер перзентин башкалардан кем болбосун деп, колуна ашыкча акча бергени менен ал эмне жеп жатканынан кабары жок. Химиялык кошулмага бай чипсы, кириешки, кукси сыяктуу азыктар менен түркүн суусундуктарды мектеп окуучулары айрыкча сүйүп жейт.

БУУнун маалыматы боюнча аз кандуулук дарты кыргызстанда кеңири тараган. Бул илдет менен алты айдан 5 жашка чейинки ар бир төртүнчү бала жабыркап келет.