Зилалиев суу кодексин өзгөртүүгө каршы чыккандарды "Кумтөр" кенине алып барды
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT

Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев суу кодексин өзгөртүүгө каршы чыккандарды "Кумтөр" кенине алып барды. Негизи өзгөртүүгө ылайык кенди иштетүү мөңгүдө да уланат. "Кумтөргө" өкмөт өкүлү менен бирге тиешелүү мекемелердин жетекчилери да барды.

Бул маселенин айланасындагы талаш-тартыштар эки жумадан бери токтой элек. Өткөн аптада вице-премьер-министр активисттерге кенди жакындан көрүүнү сунуштаган. Суу кодексине өзгөртүү киргизүү кендин ишин үзгүлтүккө учуратпоо үчүн көрүлгөн чара.
Суу кодексине өзгөртүү киргизүү парламенттин жалпы жыйынында талкууланат. Ал жакынкы күндөргө белгиленген.