“Манас” аэропортунда экстремизмге шектүү делип кыргыз жараны кармалды
Новость www.

POST1RIGHT

“Манас-аэропорт” көзөмөл-өткөрмө бекетинде 20-ноябрда экстремизмге шектүү делип кыргыз жараны кармалды. 

Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ММК менен байланыш бөлүмү билдирди. 

Кармалган адам 1994-жылы туулган, Кыргызстандын жараны. Өзүн шектүү алып жүргөн жаранды текшерүү учурунда сумкасы менен мобилдик телефонунунан экстремисттик багыттагы фото жана видео материалдар табылган. 

Тийиштүү документтер толтурулган соң, кармалган жаран тийиштүү органдарга өткөрүлүп берилген.