POST1RIGHT
Мамэкотехинспекциянын инспекторлору Ысык-Көл облусунун Карасаз өрөөнүндөгү малчынын сарайынан, сүлөөсүндүн териси жана жапайы жаныбардын терисин таап чыгышкан.
Экологдордун айтымында, аталган малчы буга чейин жапайы жандыктарга мергенчилик кылып жүргөн. Ал эми кызыл китепке кирген сүлөөсүндүн териси жакында эле союлганы аныкталды.
Учурда коргоого алынган жаныбарды өлтүргөндүгү үчүн браконьерге 50 000 сом айып салынып,аны өндүрүү максатында тийиштүү документтер сотко өткөрүлдү.
Эске сала кетсек, Мамэкотехинспекциянын инспекторлору Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы коргоого алынган жаныбарларга аңчылык кылып жаткандарга рейд жүргүзүшүүдө. Натыйжада бир нече браконьерлер колго түшүп, алар мыйзам чегинде тийиштүү жазаларын алышууда.
Ошондой эле кимде-ким жапайы жаныбарларга анчылык кылып же аесуз мамиле жасап жаткандарга күбө болуп калса, тез арада Мамэкотехинспекцияга кабарлап коюшуңузду билдиребиз!

