Бишкектин бала бакчаларында гепатит А илдети боюнча абал туруктуу экенин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Артур Буюклянов билдирди. POST1RIGHT
Буга чейин бала бакчаларда сарык оорусу күч алып жатат деген маалымат тараган. Буюкляновдун айтымында, аталган илдет күз жана кыш мезгилдеринде козголот. "Ичеги-карын инфекциялары көбүнесе ноябрь айында жайылат.
Бишкекте бир бала бакчада эки наристе сарык болуп ооруп, ал убактылуу жабылды. Бирок балдар бул дартты бири-бирине жуктурган эмес. Негизи сарыкка бала бакчага барбаган наристелер көп кабылат. Учурда Бишкекте эпидемиялык абал түзүлгөн жок", — деди дарыгер.
Гепатит же сарык оорусу — боорду жабыркаткан жугуштуу дарт. Өз ичинен А, В, С, D жана Е болуп беш түргө бөлүнөт. Гепатиттин А жана Е түрү оорунун жеңил формасы болуп саналат. Бул илдет жуулбаган кир кол аркылуу же ооруп жаткан адам менен байланышта болгондо жугат.