Быйыл сасык тумоо менен ооругандардын саны былтыркы жылга салыштырмалуу көп
Новость www

Быйыл сасык тумоо менен ооругандардын саны былтыркы жылга салыштырмалуу 14,7 пайызга көп болууда. Мындай маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдирди. POST1RIGHT

Ошто ушул айда 361 киши грипп болуп, дарыгерге кайрылса, Бишкекте 2114 адам сасык тумоолоп, ооруканаларга кайрылган. Былтыркы жылдын ушул маалында бул сан 1546 болчу. 

Алдын ала божомолдорго ылайык, декабрь айынын ортосунан кийин гриппке чалдыккандар мурдагыдан дагы көп болоору айтылууда. Андыктан, Саламаттыкты сактоо министрлиги жылуу кийинип, иммунитетти көтөрүүчү азыктарды пайдаланууга чакырат.