POST1RIGHT
Бишкектин батыш тарабындагы Ново-Павловка, Заря, Кызыл-Аскер районунун айланасында 3 күндөн бери түнкүсүн электр энергиясы өчүрүлүүдө. Ансыз да кышка толук даярданып бүтө элек жер тамда жашагандар үчүн бул кошумча көйгөй болду.
Ушундай эле даттануулар Калыс-Ордо конушунда, Маевка айылында, Бишкектин чок ортосунда да бар. Түнкү саат 12 лерде өчкөн свет, эртең мененки 7 ге чейин күйбөйт.
Улуттук электр тармактар ишканасы мындай жагдайды катуу болгон шамалдан улам, борбордук жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларынын үзүлүп калгандыгы менен байланыштырууда.
Күндүзү элдерге ыңгайсыздык жаралбаш үчүн эки бригада түнкүсүн чыгып, керектен чыккан чубалгыларды кайра калыбына келтирүү иштерин жасап жатат.