Сокулуктагы убактылуу кармоочу жайынан качып кеткен үчүнчү адам кармалды
Новость KTRK/videograp

Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайынан качып кеткен үчүнчү адам кармалды. 

Качкын 28-ноябрда түнкү саат 9дар чамасында Бишкек шаарынын Исанов-Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишенен колго түшкөн. Бул туралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. 

Колго түшкөн качкын Багтият Ачылдурдиев 1985-жылы Түркмөнстанда туулган. Ал каракчылыкка шектелип камалган. Учурда тартип сакчылары төртүнчү качкынды кармоо аракетин көрүүдө.