POST1RIGHT
Бишкек жана Чүй облусунун тургундары электр жарыгы өчүп калса же трансформатордон, электр эсептегичтен маселе жаралса WhatsApp аркылуу Түндүк электр ишканасына билдирүү жөнөтсө болот.
Ал үчүн жөн гана телефондогу байланыш тизмегине 0 772 00 12 09 номурун кошуп, сакталган номерден электр энергиясына байланыштуу маселе боюнча билдирүү калтыра аласыз.
Муну менен катар Түндүк электр ишканасынын күнү-түнү иштеген call-борбору абоненттерге мобилдик байланыштан *1209 номери аркылуу жооп берип турат.