POST1RIGHT
Ошто кара алтындын бир килосу жети сомго чейин сатылууда. Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги болсо Ошто көмүрдүн бир килосу 5 сом 20 тыйындан ашпасын деген шарт койгон.
Өкмөт коюп берген бирдиктүү баага баш ийбей, өз билгенин кылып жаткандарга аталган агенттик рейд уюштурду.
Мыйзам бузгандарга бүгүн эскертүүлөр берилди. Ага да баш ийбегендер үч күндөн кийин административдик айып төлөй башташат.