Бишкек шаарында өрттөн бир адам каза болду
Новость www

POST1RIGHT

Бишкек шаарында өрттүн кесепетинен бир адам каза болду. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, ӨКМге 2017-жылдын 19-декабрында саат 05:27 де Бишкек шаарынын Ленин районундагы Библиотечная көчөсүндө жайгашкан турак үй күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин №8 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылып. Чыккан өрт саат 08:21де толук өчүрүлүп бүткөн. Өрттүн кесепетинен бир адам каза болуп, учурда аты жөнү такталууда.