POST1RIGHT
Борбор калаада абанын булгануусун көзөмөлдөгөн заманбап билдиргичтер иштей баштады. Бул тууралуу "Sputnik Кыргызстан" агенттигине "Move Green" экологиялык кыймылынын катышуучусу Мария Колесникова билдирди.
Анын айтымында, экоактивисттер мындай билдиргич аппараттарды Бишкектин ар кайсы бөлүктөрүнө орнотуп, ага карата акысыз мобилдик тиркеме иштеп чыгышкан. Айлана-чөйрөнүн абалын жакшырта турган билдиргичтер абадагы катуу бөлүкчөлөрдүн бар-жогун аныктайт.
Ал эми тиркеме андагы маалыматтарды көрсөтөт. Адам ошол убакта дем алып жаткан аба канчалык таза экенин билип туруу үчүн билдирүү онлайн тартибинде жаңыланып турат. Атайын мобилдик тиркеме Android платформасындагы аппараттын колдонуучуларынын баарына жеткиликтүү.
Аны Play Market аркылуу "aba.kg" деп издеп көчүрүп алса болот. Билдиргич аппараттары учурда шаардагы Москва көчөсү менен Эркиндик бульвары, Тыныстанов, Киев көчөлөрүнүн кесилишинде орнотулган. Мындан сырткары, Горький көчөсүндөгү Ботаникалык бакта дагы бар.
Ал жактагы маалыматты инженер-эколог изилдеп, кийин калаадагы абанын тазалыгы боюнча баяндама берет. Абанын тазалыгын текшерүүчү аппараттар 2018-жылдын күз айынын ортосуна чейин иштемекчи.