Энергетикадагы туруктуулук
Новость

Өлкөдө 22-декабрда энергетиктер күнү белгиленди. Энергетика - экономиканын негизги тармагы катары эсептелет. Акыркы жылдары бул жаатта ири долбоорлор ишке ашырылып, элди электр менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга шарттар түзүлгөн. 


Президент Сооронбай Жээнбеков энергетиктердин күнү «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын» башкармалыгынын төрагасы Айбек Калиевди кабыл алып, жалпы абал тууралуу сөз болду. Мамлекет башчы энергетикалык тармак өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө чоң салым кошкон алдыңкы тармак экенин белгиледи. Калиев энергетикалык системадагы жагдайга токтолду.
 POST1RIGHT

Энергетик - эң кадырлуу кесип. Бул кесиптин ээлери күнү-түнү дебей, майрамга карабай иш үстүндө. Эркинбек атасы жана агаларынын жолун жолдоп энергетик кесибин тандап алган. Ал жаш болсо да, азыр көмөк чордондун биринде жоопкерчиликтүү жумушта иштейт. Эгер авариялык өчүрүү же башка маселе жаралса, автоматикадагы мүчүлүштүктү жоюу Эркинбектин мойнунда.

Кубаттуулугу бир жарым эсеге жогорулаган Бишкек жылуулук борбору биринчи кышты тосуп жатат. ТЭЦти жаңылоо өлкөдөгү ири долбоордун бири. 2014-жылы 3 этапка бөлүнгөн иш 2017-жылы жайдын акыркы күндөрү аяктап, колдонууга берилип, эки эсе көбүрөөк электр энергиясын иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.