Жакынкы күндөрдө өлкө аймактарында күтүлгөн аба ырайы
Новость www.

POST1RIGHT

Шашылыш билдирүү 26-28-декабрда аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти. Маалыматка ылайык өлкө аймагында 26-декабрда жамгыр жаап, карга айланышы мүмкүн. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. 

Ал эми 27-28-декабрда мезгил-мезгили менен кар түшүп, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Унаа жолдор тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 18-23 метрге жетиши мүмкүн. Абанын температурасы төмөндөп, Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -12° суук болот. 

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -7° суук, күндүзү 5° чейин жылуу аба ырайы күтүлөт. Ысык-Көл ойдуңунда жана тоо этектеринде түнкүсүн -10°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -20°ка чейин суук болушу ыктымал. 

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.