POST1RIGHT
Кытайда өрт өчүрүүгө ылайыкталган AG600 амфибия учагы сыноодон өттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдиришти. Ага ылайык, учак Чжухай шаарынан жекшемби күнү эртең менен учуп чыгып, абада 64 мүнөт болуп, 3 миң чакырым бийиктикке көтөрүлгөн.
Эске салсак, AG600 учагы былтыр июль айында Кытайдын Чжухай шаарында конвейер боюнча иштөө аркылуу толук чогултулуп бүткөн. Ал 20 секундада 12 тонна суу алууга жөндөмдүү. Учактын узундугу 39,3 метр болуп, канаттары 38,8 метрди түзөт. Ал 4,5 миң чакырым аралыкка чейин уча алат.