Аксы райондук электр тармактар ишканасынын имараты жаңыланды
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT

Аксы райондук электр тармактар ишканасынын имараты жаңыланды. Заманбап имарат эки кабат болуп салынып, зарыл болгон бардык жабдуулар менен камсыздалган. 

Ал энергетиктердин кесиптик майрамы күнү пайдаланууга берилди. 1960-жылдары курулган имарат авариялык абалга келип, такыр эле эскилиги жетип, бөлмөлөр жетишсиз эле. Жаңы имаратты “Жалал-Абад электр” ишканасы өз каражатынын эсебинен салган. Курулушка 8 миллион сом сарпталган. 

Учурда Аксы райондук электр тармактар ишканасында 100 гө чукул кызматкер эмгектенет.