Бишкекте тазалыкты сактабагандарга айып пул салынат
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT

Курулуш таштандыларын тиричилик калдыктарын салган контейнерге ыргытууга болбойт. Курулуш таштандысын каалаган жерге таштаган тургундарга 2 миң сом, юридикалык тарапка 10 миң сом айып салынат. 

Эгер юридикалык жак эреже бузууну кайталаса айып пул 20 миң сомго чейин чыгат. Мындай маалыматты Бишкек шаардык мэриянын “Тазалык” ишканасынан билдирди. 

Ишкананын билдирүүсү боюнча, калаадагылар үйүн ремонттогондон кийин күнүмдүк турмушта колдонулган таштанды контейнерине бетондун калдыктарын, цемент, таш, кафель сыяктууларды салып салат. Негизинен талапты турак жай салган компаниялар бузат, -дейт “Тазалыктагылар”.