POST1RIGHT
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы күчөтүлгөн тартипте иштей баштады. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, алдыдагы майрам күндөрү шаар тургундарынын жана калаага келген меймандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында тартип сакчылары күчөтүлгөн тартипте иштей баштады.
Учурда мыйзам бузуулардын алдын алуу үчүн алдын алуу иштер жасалып жатат. Буга байланыштуу шаардык ички иштер башкармалыгы милиция кызматкерлерине түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.