1979-жылы 27-декабрда Совет армиясынын Башкы Чалгындоо Кызматынын теги Борбордук Азиялык аскерлерден куралган “Мусулман батальону” деп аталган атайын бөлүгү менен Мамлекеттик Коопсуздук Комитетинин офицерлери Афганистандын президентти залим Хафизулла Аминдин хан сарайына чабуул жасап,аны бийликтен түшүрөт.Андан кийин СССРдин Куралдуу Күчтөрүнүн 40-чы армиясы кирген. Бул күндөн баштап Афган өлкөсүндө 30-жылдан ашык токтобой жарандык согуш жүрүп жаткан учуру.Ушул каардуу согушка кыргызстандыктар катышкан. Азыркы күндө да Афганистандагы согуш Борбордук Азия, анын ичинде Кыргызстанга да терс таасирин тийгизүүдө. Афганистанга Советтик жоокерлер кайсыл себептердин негизинде киргенин кабарчыбыз Алмаз Батилов коопсуздук боюнча эксперт Талаат Масадыков менен маек курган.