Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда
Новость www.

POST1RIGHT

Аба ырайынын күтүүсүз өзгөрүшүнөн улам Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек - Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунун 121-138-чакырымдарында, Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайынын 198-265-чакырымдарында, Ала-Бука - Каныш-Кыя, Красная Горка - Ак-Таш унаа жолдорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. 

ӨКМ кызматы айдоочуларга унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоону эскертет.