POST1RIGHT
Жаңы жыл алдында Бишкек шаарындагы Көк-Жар конушунун жашоочулары көгүлтүр оттуу болушту.
12 миңден ашуун тургундары бар конушка газ куурларын тартуу иштери жаз айларында башталган. Жалпы газ бөлүштүрүүчү түтүктөрүнүн узундугу 60 чакырымды түздү.
Конушту жаратылыш газы менен камсыз кылуу үчүн газды көзөмөлдөөчү жаңы пункт курулуп, ишке берилди. Мунун бардыгы атайын норма жана стандарттын талаптарына жооп берет.