POST1RIGHT
Бишкек - Ош жолундагы «Сосновка» постундагы чектөө алынды.Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 29-декабрда Бишкек - Ош унаа жолунун жол тыгындары болгонуна байланыштуу Токтогул районунун "Арал" постунда чоң оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилген.
Ал эми кийинчерээк Жайыл районундагы “Сосновка” постунда бардык унаалар үчүн чектөө киргизилген. 30-декабрда таңга маал «Сосновка» постундагы чектөө алынып, бирок унаалар 500 метр аралыкта бир өткөрүлүп жатат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жолго чыгууга камданган айдоочуларды этият болуп, белгиленген аралыкты сактоого чакырууда.