Бишкекте абанын булганышынын таасирин төмөндөтүү маселеси каралууда
Новость www

POST1RIGHT

Премьер-министр Сапар Исаков «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын» башкармалыгынын төрагасы Айбек Калиевге Бишкек шаарындагы ТЕЦтин абаны булгаган таасирин төмөндөтүү маселесин иштеп чыгууну тапшырды. 

Өкмөт башчы белгилегендей, акыркы кезде борбордун тургундары Бишкектеги абанын булгануусу боюнча адилеттүү сын билдирүүдө. 

«Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын» маалыматына ылайык, «Бишкек шаарынын ЖЭБин модернизациялоо» долбоорун ишке ашыруу алкагында түтүн газдарын тазалоочу жаңы блоктор курулду. Тазалоо эки камералуу жана беш тазалоочу талаасы бар электр чыпкалардын жардамы менен ишке ашат. 

Ошондой эле өлкө боюнча аналогу жок түтүн газдарын күкүрттөн тазалоочу тутумдун эсебинен жүргүзүлөт. Бул тутум түтүн газдарын катуу бөлүкчөлөрдөн 99%га тазалап, күкүрт кычкылынан 97%га тазалайт. 

Белгилей кетчү нерсе, абага зыяндуу заттарды бөлүп чыгарууну төмөндөтүү максатында 2017-жылдын декабрында Бишкектин муктаждыгы үчүн автобустарды алууга каржылоону уюштуруу жөнүндөгү Меморандумга кол коюлган. 

Жаңы автобустар 2018-жылдын экинчи кварталында алынып келинет. Долбоордун өзгөчөлүгү – алынган автобустар газ менен жүрөт.