POST1RIGHT
Жогорку Кеңештин депутатынын Ош облусунун Ноокат районунда жайгашкан үйүнөн белгисиз жарандар эки даана ок атуучу куралды уурдап кетишти. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын өкүлү Жанна Сатарова кабарлады.
Окуя өткөн аптанын бейшемби күнү болгон. Азыр КРдин Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Жогорку Кеңештин депутатынын үйүнө айнек терезеси аркылуу белгисиз адамдар кирип, эки даана куралды уурдап кетишкен. Азырынча куралдар кайсы эл өкүлүнүн турак жайынан уурдалганы жана кандай куралдар каракталганы боюнча толук маалымат берилген жок.
Учурда бул факт боюнча териштирүү жана тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.